Аба ырайы: Алдыдагы аптада Бишкекте катуу суук болуп, кар жаайт

Коом Загрузка... 09 Март 2026 17:50
625033559_3710343622442143_4658884943375765032_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 0-марттан 16-мартка чейин Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, аптанын алгачкы күндөрү жаан-чачындуу болуп, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -6…-8°, күндүз -2…-4° суук болушу болжолдонууда.

12-марттан 16-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта эң суук түн болуп, термометрдин көрсөткүчү -11…-13° чейин төмөндөйт.

Абанын температурасынын болжолдуу көрсөткүчү:

  • 12-март: түнкүсүн -11…-13°, күндүз 0…2°;
  • 13-март: түнкүсүн -6…-8°, күндүз 3…5°;
  • 14-март: түнкүсүн -3…-5°, күндүз 4…6°;
  • 15-март: түнкүсүн -1…-3°, күндүз 5…7°;
  • 16-март: түнкүсүн -1…-3°, күндүз 5…7°.