9 айда майыптыгы бар 221 адам жумушка орноштурулду – Эмгек министрлиги

Коом 16 декабрь 2025 08:50
3141738.9c78cab06f42dc56ee0e022be9ac9abf.jpg
600285826_1315335263969477_5918996447946325618_n (1).jpg
600272938_1315335407302796_8749925190161817640_n.jpg
600278242_1315335423969461_3723856649406892025_n.jpg
600301921_1315335347302802_4248045060362189538_n.jpg
Алдыга
Артка
3141738.9c78cab06f42dc56ee0e022be9ac9abf.jpg
600285826_1315335263969477_5918996447946325618_n (1).jpg
600272938_1315335407302796_8749925190161817640_n.jpg
600278242_1315335423969461_3723856649406892025_n.jpg
600301921_1315335347302802_4248045060362189538_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте "Майыптыгы бар адамдардын эмгек укуктарын ишке ашыруу" боюнча тегерек стол өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты жумуш менен камсыздоону кеңейтүү жана инклюзивдүү эмгек чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө 2025-жылдын 9 айында 221 майыптыгы бар адам жумушка орноштурулуп, 119 адам кесиптик окутуудан өткөрүлгөнү айтылды.

2022-жылдан бери бул программа аркылуу ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо алган 48 миңден ашык үй-бүлөнүн ичинен 3 146сы майыптыгы бар адамдар болду.

Инклюзивдүү жумуш орундарын түзгөн иш берүүчүлөрдү колдогон "Чексиз" демилгесинин мааниси дагы белгиленди. Бул демилге үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүп келет. Бардык убакыт ичинде 300дөн ашык иш берүүчү өз тажрыйбасын сунуштап, 80 уюм "Чексиз" мыкты иш берүүчү наамына ээ болду.

Иш-чаранын алкагында инклюзивдүү эмгек рыногун мындан ары өнүктүрүү, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана майыптыгы бар адамдарды колдоо чараларын кеңейтүү боюнча сунуштар талкууланды.