Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 4-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Талас облусунда +27...+32, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда +20...+25 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +31...+33 градуска жетет.