27-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

Коом 27 ноябрь 2025 08:50
27-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13... +18, Талас облусунда +12… +17, Баткен, Ош, Жалал-Аабд облустарында +15... +20, Ысык-Көлдө +6... +11, Нарында +4... +9 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +16... +18 градусту түзөт.