Бишкек, 21.02.26. /Кабар/. 24-февралда Ак-Босого конушунда суу өчүрүлөт
Муниципалитеттен билдиришкендей, 24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин жогоруда аталган конуштагы турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.