Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы бир катар мектептерде 1-2-класстар үчүн кошумча орундар 23-майда ачыларт деген маалымат артка кайтарылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, 23-майда Бишкектеги №29 мектепте гана текшерүүнүн жыйынтыгында бошогон орундар ачылат. Ал эми башка мектептер боюнча Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр тууралуу маалыматтар такталып жатат.
“Жарандардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий булактарындагы кошумча маалыматка көз салып турууну жана анык маалыматты гана эске алууну суранабыз. Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.