2025-жылы акысыз юридикалык кызмат көрсөткөн адвокаттарга 139 млн сом бөлүндү

Коом Загрузка... 13 Март 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-03-13 at 09.07.20.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. 2025-жылы акысыз юридикалык кызмат көрсөткөн адвокаттарга 139 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандын сотко чейинки доо арызын даярдап берүү жана 1-инстанциядагы сотко катышуу үчүн чыгымдар 15 миң сомду түзөт.

“Бардык инстанциядагы сотко катышса адвокатка 30 миң сом айлык берилет. Буга чейин бул тарифтер эки эсе аз болчу. Алардын айлыгы 2023-2024-жылы көбөйтүлгөн”, - деди ал.

Ошондой эле Бактияр Орозов 2024-жылы жарандык иштер боюнча 3 180 иш боюнча акысыз адвокат менен камсыздалганын, бул кызмат үчүн 16 млн сом коротулганын белгиледи.

“Бул адвокаттар айлык алышат. Реестрде турган жактоочулар жарандарга мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык иштерге катышса, башка акы төлөнүүчү иштерге катыша албайт. Жарандык сот өндүрүшү боюнча каралган 3180 иштин ичинен оң чечим чыккан иштер 1385, жазык сот өндүрүшү боюнча 12 миң 882 иш адвокат менен камсыздалган. Мунун ичинен токтотулган иштер 3095, актоо өкүмү чыккан иштер – 95, эркинен ажыратуу менен байланышкан чыккан иштер – 194, пробацияга жөнөтүлгөн иштер 291 ишти түзгөн”, - деп кошумчалады Орозов.