“Бишкек Арена” стадионунун ачылышы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя – Мамырова

Коом 31 август 2026 20:10
“Бишкек Арена” стадионунун ачылышы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя – Мамырова

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Борбор калаабызда “Бишкек Арена” стадионунун курулуп, пайдаланууга берилиши Кыргызстан үчүн өтө маанилүү окуя. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Бөдөш Мамырова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган стадиондо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин өтүшү жана анын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине шайкеш келиши өзгөчө мааниге ээ.

“Бишкек Арена” көлөмү жагынан Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң ири стадиондордун бири болуп саналат. Кыргызстанда мындай чоң аренанын курулушу өлкөдөгү экономикалык өсүштүн белгиси деп эсептейм. Бул Кыргызстандын өз бюджетинин эсебинен курулган маанилүү объекттердин бири”, — деди Мамырова.

Ал жаңы арена мындан ары да Кыргызстан үчүн маанилүү иш-чаралар өтүүчү жайга айланарына ишеним билдирди. Ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, жаңы ачылган арена ак жол, куттуу жана берекелүү болсун деген тилегин билдирди.

“Ушул жаңы ачылган арена ак жолтой, куттуу жана берекелүү болуп, дайыма жакшы саамалыктар ушул жерде өтүп турсун”, — деди ал.