Си Цзиньпиндин Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышпаганынын себеби айтылды

Коом 31 август 2026 20:10
Си Цзиньпиндин Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышпаганынын себеби айтылды

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Тибет автономиялуу районунда болгон табигый кырсыкка байланыштуу Бишкекте өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкан жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусу пландалган.

"Бирок Кытайдын Тибет автономиялуу районунда адам курмандыктарына жана адамдардын дайынсыз жоголушуна алып келген табигый кырсыкка байланыштуу Кытайдын төрагасы президент Садыр Жапаровго ачылыш аземине катышпоо өтүнүчүн билдирген", - деди Алагөзов.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап Си Цзиньпиндин кырсыктын кесепеттерин жоюуга, издөө-куткаруу иштерин уюштурууга жана аларды жеке көзөмөлдөөгө артыкчылык беришин түшүнүү менен кабыл алды.

"Кыргыз тарап бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылат жана Кытай элинин башына түшкөн оор сыноого байланыштуу көңүл айтат. Кырсыктан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын жана издөө-куткаруу иштеринин ийгиликтүү аякташын каалайбыз", — деди Аскат Алагөзов.

Ошол эле учурда президенттин басма сөз катчысы Кытай Эл Республикасынын төрагасынын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр белгиленген программага ылайык улантыларын белгиледи.