“Бишкек Аренага” алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар — Кабар

“Бишкек Аренага” алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар

Коом 31 август 2026 15:30
“Бишкек Аренага” алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар
copyright icon ИИМ

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Ички иштер министрлиги көрүүчүлөргө ”Бишкек Арена” стадионуна кирүүдө белгиленген коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертти.

Ведомствонун маалыматына караганда, стадиондун аймагына төмөнкү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат:

  • тамак-аш жана суусундуктар;
  • тамеки жана никотин камтыган буюмдар, анын ичинде IQOS түзүлүштөрү, электрондук тамекилер жана насвай;
  • сагыз;
  • айнек бөтөлкөлөр, банкалар жана башка катуу же сынуучу идиштер;
  • көлөмдүү баштыктар, рюкзактар жана чемодандар;
  • курал-жарактар жана сайып-кесүүчү буюмдар;
  • пиротехникалык каражаттар;
  • аэрозолдук жана газ баллондору;
  • дрондор;
  • кесипкөй фото жана видеоаппаратуралар;
  • радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары;
  • музыкалык аспаптар, ышкырыктар жана мегафондор;
  • объекттин аймагына алып кирүүгө тыюу салынган башка буюмдар жана заттар.

ИИМ стадионго кирүүдө көрүүчүлөрдүн буюмдары текшерилип, көзөмөл жүргүзүлөрүн белгиледи.

Мекеме көрүүчүлөргө сумка жана рюкзактарынын ичин алдын ала текшерип, стадионго эртерээк келүүнү жана коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын сактоону сунуштады.

”Эрежелерди сактоо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин коопсуз жана уюшкандыкта өтүшүнө шарт түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн “Бишкек Арена” стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. Ага бир катар өлкөлөрдүн башчылары дагы катышуусу күтүлүүдө.