Быйыл Кыргызстанда курулуш тармагында масштабдуу иштерди аткаруу планы алдыга коюлган. Курулуштардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен каржыланмакчы. Бул ирет “Кабар” агенттиги өлкөдө жыл соңуна чейин курулуп бүткөрүлчү жана оңдоп-түзөөдөн өтө турган объекттер тууралуу айтып берет.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, республикалык бюджеттин эсебинен болжол менен 200гө жакын социалдык объекттин курулушу аяктайт.
Өлкө боюнча жаңы мектеп, социалдык жана административдик объекттерди куруу, инфраструктураны модернизациялоо жана санариптик чечимдерди киргизүү мерчемделүүдө.
2026-жылы Бишкекте 20 жаңы мектеп, Ошто 10 мектеп, ал эми Манас шаарында 6 мектеп куруу пландалууда. Мындан тышкары, Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Бишкекте дагы 5 мектеп жана 7 окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 мектеп курулат. Ошол эле учурда мурда башталган социалдык объекттердин курулушу да аяктайт.

Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында филиалдар ачылып, оңдоо жана курулуш иштери улантылат.
31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Таласта “Баластан” балдар борборун ачуу пландалууда. Ошондой эле “Манас Ордо” улуттук комплексин жана "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш тармагын санариптештирүү дагы улантылат: лицензиялоо, сертификациялоо жана шаар куруу кызматтары толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт. Ошондой эле автоматташтырылган геомаалыматтык системалар жана шаар куруу долбоорлору киргизилет.
Мындан тышкары, 2026-жылы заманбап административдик имарат жана техникалык базаларды куруу, курулуш материалдарын сыноо жана сапатын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландалууда. Мамлекеттик экспертиза жана архитектуралык-курулуш көзөмөлү күчөтүлүп, мыйзамсыз курулуш объекттеринин санын азайтуу боюнча чаралар көрүлөт.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча социалдык-маданий багыттагы 364 объекттин курулушу активдүү жүрүп жатат:
- 222 объект – жаңы курулуш;
- 128 объект – капиталдык оңдоо;
- 14 объект – таза суу менен камсыздоо системалары.
Белгиленгендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле өлкө боюнча заманбап билим берүү жана маданий объекттерге жеткиликтүүлүк кеңеет.