Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, долбоор боюнча аянты 0,4 гектарды түзгөн жерде үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу мейкиндиктер каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.
Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. 1-2-кабаттарда кирпич дубалдары тургузулса, 3-кабатта кирпич коюу иштери уланууда. 1-2-кабаттарда дубалдарды шыбоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электр монтаждоо иштери аткарылууда.
Мэр жаңы борбор биринчи кезекте шаар тургундарына багытталып, негизинен административдик эмес, коомдук багыттагы объект болушу керектигин белгиледи.
Айбек Жунушалиев тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифттерди, ыңгайлуу санитардык жайларды, чакан чыгармачыл топтор жана студиялар үчүн атайын зоналарды долбоордо караштырууну тапшырды.
Мындан тышкары, мэр тиешелүү кызматтарга жана курулуш компаниясына имараттагы жайларды сарамжалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу керектигин айтты.