Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы 32 объектте шаар куруу мыйзамдарынын талаптары бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курорттук-рекреациялык багыттагы конок үйлөр жана башка туристтик объектилер пландан тышкары текшерилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы 2 млн 420 миң сом айып пул салынды. Буга чейин мыйзам бузуу аныкталган айрым объектилерде кайра текшерүү жүргүзүлүп, көрүлгөн чаралардын аткарылышы да каралды.