19-февралда Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында суу өчүрүлөт

Коом 17 февраль 2026 13:30
1771241222_large.png
1771241199.jpeg
Алдыга
Артка
1771241222_large.png
1771241199.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. 19-февралда Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган эки конуштагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.

Суу Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.