Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 13-19-май күндөрү өлкө аймагында аба ырайы өзгөрмөлүү болуп, айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт.
Бир жумага карата смноптиктердин болжолу төмөндөгүдөй:
Чүй жана Талас облустары
Чүй жана Талас облустарында 13-19-май күндөрү негизинен туруктуу жана жаан-чачынсыз аба ырайы күтүлөт. 13-15-майларда, ошондой эле 16-майга караган түнү жаан-чачын болбойт.
16-майда Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда бул күнү негизинен жаан-чачын күтүлбөйт.
18-19-май күндөрү Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда көпчүлүк учурда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге чейин жетет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 13-19-май күндөрү туруксуз аба ырайы сакталат. Айрым күндөрү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-майда айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Андан кийинки күндөрү түнкүсүн көпчүлүк учурда жаан-чачын болбойт. 16-майда Ош жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ал эми Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.
17-майда Ош облусунун айрым жерлеринде түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз болсо негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. 18-19-май күндөрү үч облустун айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Дыйканчылык аймактарда негизинен жаан-чачын аз болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
Ысык-Көл жана Нарын облустарында 13-19-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Айрым күндөрү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
13-майда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. 14-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
15-17-май күндөрү түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт. 17-майда Ысык-Көлдө жана Нарындын айрым аймактарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 18-19-май күндөрү да эки облустун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.