Согуш жылдары курулган Лебединовка ГЭСи толук реконструкцияланат

Коом 25 февраль 2026 09:48
640331412_905269365431373_4793622564781929909_n.jpg
639237172_905269278764715_4078222510735309394_n.jpg
640160022_905269342098042_1033656318112539538_n.jpg
641094760_905269282098048_2119140622999096139_n.jpg
642711835_905269285431381_4018975240163851927_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясы менен Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда подрядчы компания долбоорлоо-сметалык документтерди даярдоого киришти. Модернизациялоонун алкагында төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишүү пландалууда:

  • ГЭСтин кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка чейин жогорулайт;
  • Электр энергиясын жылдык өндүрүү 37,2 млн кВт·сааттан 53,5 млн кВт·саатка жетет;
  • Станциянын жабдуулары толук жаңыланып, иштөө мөөнөтү узартылат.

Маалымат үчүн: Лебединовка ГЭСи — Чүй облусундагы эң эски станциялардын бири. Анын курулушу 1942-жылы согуш маалында башталып, 7 миңден ашуун аялдардын жана балдардын катышуусу менен рекорддук кыска мөөнөттө (1 жыл 2 жумада) бүткөрүлгөн. 1943-жылдан тарта станция Фрунзе шаарын жана фронт үчүн иштеген заводдорду электр энергиясы менен камсыздап келген.