Муратбек Бегалиев: 10 кабаттуу театрды опера-балет менен бириктирген “алтын көпүрө” курулат

Маданият Загрузка... 06 Декабрь 2025 15:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Жаңы 10 кабаттуу театр куруп, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театры менен бириктирүүчү “алтын көпүрө” курулат. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын директору, КР эл артисти Муратбек Бегалиев Кабар агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүнө берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы театр 5 кабат өйдө, 5 кабат ылдый болуп, жалпысынан 10 кабаттуу чоң маданий борбор болот.

“Жакында эле президентибиз Садыр Жапаров бир жыйынга катышып калды. Ошондо театрдын имаратын көрүп, “Бул имарат ремонттон өткөнбү? Реконструкция керекпи?” деп сурады.

“Акыркы ирет 2019-жылы оңдолгон экен. Бирок, анда жасалган ремонт анчалык сапаттуу болбоптур. Имарат азыр оңдоп-түзөөгө муктаж. Бирок, ошол эле маалда бул имаратты тарыхый архитектура катары сактап калуу маанилүү болмок. Эгерде жаңы имарат курулса — бул эң сонун чечим болот эле. Бүгүнкү күндө өлкөдө бардык тармактар жаңыланып, заман талабына ылайык курулуп жатат. Эски театр генийлер эмгектенген ыйык жай. Аны туристтер да кызыгып көрөт” деп айттым.

Алар жаңы имаратты салыш үчүн жер жок дешкенде, Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакты сунуштадым. Анткени, Токтогул Сатылганов атындагы филармония бар да, ошол паркты ошол жакка көчүрүү керектигин белгиледим.

IMG-20251206-WA0082.jpg

Ошондо президент маданият министрине карап “Планга киргизгиле” деп айтты. Кудай буюрса, күтүп жатабыз. Учурда долбоор планга киргизилген, эми курулуш иштери башталышын күтөбүз.

Президент өзү да бул театр Астана операсынан жана Сидней операсынан кем болбошу керек деп белгиледи. Ал театр 5 кабат өйдө, 5 кабат ылдый болуп, жалпысынан 10 кабаттуу заманбап имарат болушу керек экенин айтты. Учурдагы имаратты толук реставрация кылып, эки театрдын ортосуна символикалуу “алтын көпүрө” куруу идеясы сунушталды. Театрдын келечеги буйруса кең”, — деп белгиледи ал.

Бегалиев кошумчалагандай, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры — кыргыз элинин алгачкы театрларынын бири.

IMG-20251206-WA0083.jpg

“Театрга келгенден кийин анын аталышынын тарыхын изилдеп көрдүм. Көрсө, убакыттын өтүшү менен аталышы бир нече ирет өзгөрүптүр. Кээ бир документтерде “Академиялык”, “Улуттук”, “Ленин ордендүү” деген аталыштар кезигет. Чындыгында, “Улуттук” деген макамды мен Аскар Акаев президент болуп турганда, өзүм министр кезимде сунуштагам. Себеби, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде "Улуттук театрлар" бар жана бул аталыш ошол элдин маңызын, маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган абдан маанилүү түшүнүк экенин түшүндүм. “Улуттук” деген сөз эң негизги, эң баалуу дегенди билдирет. Бул макам алгач консерваторияга ыйгарылып, андан соң опера жана балет театрына берилген. Советтер Союзунун курамындагы ар бир республиканын улуттук театры бар. Алардын көпчүлүгү “чоң театрлар” деп аталат. Биз да “чоң театр” деген аталышты берели дегенбиз, бирок кыргызчада бул сөз оройураак угулуп калышы мүмкүн деп чечтик.

Ошондуктан аны “Улук театр” деп атадык. “Улук” деген сөз кыргызда сыймыктуу, абройлуу, чоң мааниге ээ түшүнүк. Ал эң алдыңкы, эң урматтуу дегенди билдирет. Театр — алгачкы маданий мекемелердин бири катары бул макамга татыктуу. Кыргыз Улук театры деп өзгөртөлү деген сунушту мен бийлик өкүлдөрүнө бергем, бирок азырынча жооп келе элек. Эми бул маселени чоң жыйындарда көтөрөйүн деп жатам”,-деди ал.