Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизинде скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна ачык сынак жарыяланат. Сынакты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өткөрөт.
Министрликтин маалыматына караганда, сынакка кесипкөй скульпторлор, архитекторлор жана чыгармачыл жамааттар катыша алат. Жеңүүчү долбоор Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.
Долбоорлор идеялык мазмуну, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланат.
Документтер 29-сентябрдан 29-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 112 дарегинде кабыл алынат.
Сынактын байге фонду 450 миң сомду түзөт. I орунга — 200 миң, II орунга — 150 миң, III орунга — 100 миң сом берилет.