Бишкекте "Айтматов окуулары" аттуу эл аралык илимий конференция өттү

Маданият 2370 12 Декабрь 2025 16:52
598598043_1158009256490829_7995698269597102493_n.jpg
2.jpg
577036862_1158009433157478_2881829985943770062_n.jpg
595023017_1158009876490767_4647547862695020583_n.jpg
595148002_1158009483157473_1270550732269817144_n.jpg
595683816_1158009319824156_2029641342230604959_n.jpg
595691340_1158009666490788_5961574487023138160_n.jpg
595735778_1158009793157442_2117923640630859110_n.jpg
596111657_1158009529824135_3759314222137246833_n.jpg
596491914_1158009619824126_5972241051279195861_n.jpg
596630453_1158009459824142_4589217617608289827_n.jpg
596744129_1158009413157480_267613301715079971_n.jpg
596750153_1158009303157491_9047807231642262362_n.jpg
596970202_1158009773157444_4405637454353226249_n.jpg
597250390_1158009376490817_1916621684751672080_n.jpg
597331562_1158009563157465_1058922742659241145_n.jpg
597887725_1158009726490782_5009056481885137834_n.jpg
598251521_1158009583157463_7627215046937405925_n.jpg
598270983_1158009629824125_7896088384226694001_n.jpg
598284234_1158009819824106_846382546730596413_n.jpg
598373065_1158009243157497_5575198169079115241_n.jpg
598533775_1158009683157453_1930240387956548258_n.jpg
598856810_1158009373157484_6387912115474953844_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук илимдер академиясында "Айтматов окуулары – 2025" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Конференция Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар, Тышкы иштер жана Агартуу министрликтери, Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы адабият институту менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, министрликтердин, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимпоздор, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Ошондой эле жыйынга дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында Азербайжан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиликтери, КР ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын катчылыгынын өкүлдөрү болду.

Форумда "Айтматовдун мурасын изилдөөнүн азыркы абалы жана келечеги", "Айтматов медиа мейкиндикте", "Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы мектепте жана жогорку окуу жайларда" сыяктуу актуалдуу илимий багыттар талкууланды.

Конференциянын алкагында китеп көргөзмөсү уюштурулуп, анда Айтматовдун азербайжан, армян, башкыр, грузин, казак, орус, тажик, татар, түркмөн, өзбек жана башка тилдерде жарыяланган сейрек басылмалары сунушталды. Экспонаттар Ч. Айтматов атындагы адабият институтунун 2024-2025-жылдардагы эл аралык илимий долбоорлорунун алкагында топтолгон жыйнактардан турду.

Иш-чарада жаңы басылмалардын бет ачарына өзгөчө басым жасалды. Алардын ичинде: Чынгыз Айтматовдун 12 томдук орус тилиндеги чыгармалар жыйнагы, президент Садыр Жапаровдун "Манас жана Айтматов" аттуу китеби, "Чингиз Айтматов – голос человечества. Библиография переводов на языки мира" маалымдамасы, Айтматовдун чыгармалары боюнча 5–11-класстарга арналган Хрестоматия, "Кадам" жана "Оку" басмалары чыгарган массалык окурманга багытталган китептер болду.