Бишкек, 09.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстанда тар жана кеңейтилген курамдарда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйында мамлекет башчысы Кыргызстандын КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды жана шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого туруктуу берилгендигин баса белгиледи.
Маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Садыр Жапаров 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата КМШ алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.