Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 29-сентябрда Өзбекстандын Ханабад шаарына чыгармачылык сапар менен барат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, сапардын алкагында кыргыз-өзбек маданий байланыштарын чыңдоо жана театрлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин "Он экинчи күн" спектакли тартууланат.
Спектаклди Кыргызстандын эл артисти Бакыт Жумалиев сахналаштырган. Сүрөтчүсү — маданияттын мыкты кызматкери Чинара Чотурова. Башкы ролдорду Бакыт Мойдунов, Гулипар Гаипова, Руслан Исмаилов, Уулкан Галдыбай кызы жана Шахрезада Шактыбекова аткарат.
Чыгармачылык сапар эки өлкөнүн театр өнөрүндөгү кызматташтыгын кеңейтүүгө жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.