10 айлык окуу. Бүгүндөн тарта автомектептерге кабыл алуу башталды

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 15:25
1050716453_0_204_3076_1934_1920x0_80_0_0_b21ca4afdf03dadf9f61db39d17dafee.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бүгүндөн тарта мамлекеттик автомектептерге онлайн кабыл алуу жана айдоочуларды даярдоонун жаңыланган программаларын ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал белгилегендей, арыздарды кабыл алуу толугу менен онлайн форматта avtomektep.srs.kg расмий сайты аркылуу жүргүзүлөт.

597031290_716986451455135_7077480804853755942_n
"Арыз берүү үчүн жеке маалыматтарды толтуруп, окуй турган аймакты тандап, айдоочулук күбөлүктүн категориясын көрсөтүү жана электрондук арызды жөнөтүү зарыл. Арыз тапшырылгандан кийин маалыматтар каралып, талапкерлер тандалган аймактагы мамлекеттик автомектептерге окууга кабыл алынат.
Курсанттарга ыңгайлуу болушу үчүн теориялык бөлүктү онлайн окутуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Автомектептерге жүктөмдү болтурбоо максатында бир нече окуу тайпалары уюштурулду. Мындан тышкары, күн сайын жаңы мамлекеттик автомектептер кошулууда. Бир автомектеп бир эле учурда бир нече тайпаны окута алат, бул курсанттарды аймактар боюнча тегиз бөлүштүрүүнү камсыз кылат",-деди ал.

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, автомектептерде окутуу ыкмалары кайра каралып чыгып, анын алкагында окутуунун сапатын жогорулатууга, коопсуз айдоо маданиятын калыптандырууга жана жол кырсыктарын азайтууга багытталган жаңыланган окуу программалары ишке киргизилди.

"Ага ылайык, жогорку натыйжаларды көрсөткөн курсанттар төрт айлык окуудан кийин тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Тестирлөөдөн жана экзаменден ийгиликтүү өткөн курсанттар бир жылдык мөөнөткө убактылуу айдоочулук күбөлүк алат. Эгерде, бир жыл ичинде жол эрежесин одоно бузбаса, аларга туруктуу айдоочулук күбөлүк берилет.
Ал эми убактылуу күбөлүк алган айдоочу бир жылдын ичинде жол эрежесин одоно бузса же жол кырсыгына себепкер болсо, убактылуу күбөлүгү жокко чыгарылат. Мындай айдоочу кайрадан мамлекеттик автомектепке жиберилип, калган алты айлык окуусун аяктоого милдеттендирилет",-деди Туманбаев.