Зыяндуу түтүн жок: Бишкектеги мектептер альтернативдүү жылытууга өтүүдө

Коом 29 июнь 2026 17:00
WhatsApp_Image_2dQ6nE9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_5EF10b8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_D73CZvm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2dQ6nE9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_5EF10b8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_D73CZvm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев №118 орто мектебине барды.

Сапардын жүрүшүндө ал жылытуу тутумунун иши менен таанышып, альтернативдүү энергия булактарына өтүүнүн жыйынтыктарын текшерди.

"Түтүнгө каршы күрөшүү боюнча жалпы саясаттын алкагында жылытуунун альтернативдүү булактарына өтүп жатабыз. Бул ага каршы күрөшүүнүн бир ыкмасы. Биз азыр мурда көмүр менен иштеген казандар колдонулуп келген мектептин аймагына келдик, учурда бул жерге жылуулук насостору орнотулду", - деп белгиледи министр.

Ал кошумчалагандай, башка долбоордун алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жылуулук насосторун орнотууга 10 млн сом бөлүнүүдө.

"Бул долбоордун алкагында 30 мектепти жылуулук насосторуна өткөрүүнү пландап жатабыз", – деди Токтобаев.

Ал №118 мектептеги тутумдун ишинин жыйынтыгына баа берип жатып, анын натыйжалуулугуна токтолду.

"Албетте, жыйынтык бар. Муну өзгөчө №118 мектептен байкоого болот. Жылытуунун альтернативдүү тутумуна өтүүнүн аркасында көмүр жагуудан баш тарттык жана зыяндуу калдыктардын бөлүнүп чыгышы дээрлик жокко эсе. Негизги натыйжа дал ушунда", – деп жыйынтыктады ал.