“Жыргалаң” минералдык суусун бөтөлкөгө куюп, сатыкка чыгаруу пландалууда

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 09:30
WhatsApp_Image_2025-06-09_at_16.30.58.width-80.width-800.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. “Жыргалаң” минералдык суусун бөтөлкөгө куюп, сатыкка чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине "Жыргалаң" санаторийинин директорунун орун басары Акыл Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда дарылык касиети бар минералдык сууну чыгаруу үчүн лицензия алынды.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир дагы минералдык суу мамлекет тарабынан өндүрүлүп чыгарылбайт экен. Биз эми минералдык суу катары “Жыргалаң” суусун сатыкка чыгарсакпы деп аракет кылып жатабыз. Завод салып, өндүрүштү баштасак деген пландар бар. Азыр суу санаторийдин аймагынан чыгат. Учурда аны эс алуучулар күн сайын эртең менен ачкарын ичишет. Минералдык суу ашказан ооруларына, ички органдарга дарылоого жардам берет”, - деп белгиледи Дүйшөбаев.