Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ала-Тоо" депутаттык тобунун кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу парламент билдирет.
Жыйында өлкөдөгү жол курулуш иштеринин жүрүшү, ирригациялык системалардын абалы, калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо маселелери каралды. Ошондой эле аталган тармактардагы көйгөйлөрдү чечүү багытында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Алгач транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында 2026-жылы өлкө боюнча 1903 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Бул былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 735 чакырымга көп. Ал эми 2027-жылдан тартып ар жылы 2000 чакырымдан ашык жол куруу пландалууда.