Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. 2027-жылдан тартып ар жылы 2000 чакырымдан ашык жол куруу пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу "Ала-Тоо" депутаттык тобунун кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы өлкө боюнча 1903 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Бул былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 735 чакырымга көп.