Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Бишкекте ”Эл-Ди-Эс Черитиз” эл аралык кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы расмий ишмердүүлүгүнүн 8 жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Уюмдун өкүлү Дмитрий Цай билдиргендей, фонд Кыргызстанда гуманитардык долбоорлорду 2002-жылдан бери ишке ашырып келет. Ал эми өлкөдө расмий түрдө сегиз жыл мурун катталган.
Фонддун негизги ишмердүүлүгү энелерди жана балдарды колдоого, майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө, ошондой эле медициналык жана билим берүү мекемелерин жабдуу менен камсыздоого багытталган.
2026-жылы фонд Кыргызстандагы ооруканаларга жаңы төрөлгөн ымыркайлардын дем алуусун колдоочу Bubble CPAP үлгүсүндөгү 50 аппарат тапшырган. Мындан тышкары, Бишкекте жана өлкөнүн түштүк аймактарында медицина кызматкерлери үчүн төрт окуу семинары өткөрүлгөн.
Ошондой эле фонддун колдоосу менен адистештирилген мектеп-интернаттын кир жуучу жайындагы жабдуулар жаңыланып, тарбиялануучулардын жашоо шарттары жакшырып, кызматкерлердин иши жеңилдеген.
Мындан сырткары, ”Жетим балдардын укугун коргоо“ коомдук фонду менен биргеликте кийим-кечелерди чогултуу жана кайра пайдалануу боюнча кайрымдуулук долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында Кыргызстанда кийимдерди иргеп, жууп-тазалап, калыбына келтирип, муктаж адамдарга берүүчү борбор ачуу пландалууда. Келечекте кийим чогултуучу атайын кутуларды өлкөнүн бардык аймактарына орнотуу каралууда.
Фонддун өкүлдөрү долбоорлор мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен биргеликте, калктын муктаждыктарын эске алуу менен ишке ашырыларын белгилешти. Уюм саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык жактан аярлуу катмарларды колдоо багытындагы программаларын улантат.