Жалгыз бой энеге көрсөтүлгөн жардам элдин ынтымагынын белгиси – депутат

Коом
Жалгыз бой энеге көрсөтүлгөн жардам элдин ынтымагынын белгиси – депутат
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Улан Примов Бишкекте эки баласын жалгыз тарбиялап, курьер болуп иштеген энеге батир алып берүүгө жардам көрсөткөн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бул оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөгө колдоо көрсөткөн элдин биримдиги жана боорукерлиги.

"Урматтуу депутаттар, бул жөн гана материалдык жардам эмес. Бул элибиздин ынтымагын, боорукерлигин жана адамгерчилигин айгинелейт. Ошондуктан жардам көрсөткөн ар бир жараныбызга ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер", - деди ал.

Белгилей кетсек, Ажар аттуу келин эки кызын жалгыз тарбиялап, ижарага алынган батирде жашап келген. Балдарын карай турган адамы болбогондуктан, ал жумуш учурунда кыздарын да өзү менен кошо алып жүргөн.

Анын кичинекей кызы менен иштеп жүргөн учурунан тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун көңүлүн бурган. Кайрымдуу жарандар жана активисттер энеге жардам берүү үчүн каражат чогултууну уюштурушкан. Бир сутка ичинде кайрымдуу жарандар тарабынан 130 миң АКШ доллары чогулуп, жалгыз бой энеге Бишкектен 3 бөлмөлүү батир алып беришкен.

Батирдин баасынан ашкан каражатты Ажар оор турмуштук кырдаалга туш болгон башка адамдарга жардам берүүгө жумшоону чечкен.