Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Карылар күнүнө карата Бишкектеги "Үмүт" муниципалдык социалдык стационардык мекемесинин тургундарына кайрымдуулук жардамын көрсөттү.
Ведомстводон билдиришкендей, министрликтин кызматкерлери мекеменин тургундарына кышкы жылуу кийимдерди жана жууркандарды тапшырышты.
Демилге социалдык колдоого муктаж жарандарга жардам көрсөтүүгө, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана улуу муунга урмат-сый көрсөтүүгө багытталган.