"Мал Аман" борбору: 1500 ветеринар калкка кызмат көрсөтөт

Коом 9 октябрь 2026 14:50
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3 (1).jpg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 13.24.49.jpeg
Алдыга
Артка
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3 (1).jpg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 13.24.49.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында өтүп, анда фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, "Мал-Аман" борборун түзүү демилгеси каралды. “Мал Аман” борборуна алгач 1500гө жакын ветеринардык дарыгерлер бириктирилип, аларга айлык маяна төлөп берилет.

Жаңы ишканага алынган адистер малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык иш-чараларды жүргүзөт. Ошондой эле жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алышат.