Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Анаркулов Бактыбек Кочкорович дайындалды.
Ведомстводон билдиришкендей, аны эмгек жамаатка айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тааныштырды.
Бактыбек Анаркулов 1965-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында туулган.
1987–1991-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде "гидротехник-инженер" адистиги боюнча билим алган. Ал эми 1997-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолунда мамлекеттик жана муниципалдык ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган, Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы.