Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Бишкекте майда жандыктардын чумасына каршы эмдөө, эпидемиологиялык көзөмөл жана эмдөөдөн кийинки натыйжаларды баалоо боюнча үч күндүк окуу-тренинг өтүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюму (IOFS) жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан уюштурулуп, ветеринарлардын жана лаборатория кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган.
Тренингде адистер эмдөө кампанияларын уюштуруу, лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу, оорунун жайылышын көзөмөлдөө жана эмдөөнүн натыйжалуулугун талдоо боюнча теориялык жана практикалык билим алышууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда майда жандыктардын чумасынын алдын алуу максатында бекитилген планга ылайык күзгү эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.