Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Элдин ынтымагы гана өлкөнү өнүгүүгө алып барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Парламент төрагасы канчалаган жылдардан бери ынтымак гана биздин улутубузду сактап келгенин айтып, өлкөдөгү биримдиктин канчалык маанилүү экендигин президент Садыр Жапаров да “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземинде баса белгилегенин кошумчалады.
“Кыргыз элинде Ырыс алды – ынтымак деп бекеринен айтылбайт. Кайсы кыйын учурлар болбосун карап көрсөк ынтымак гана биздин улутубузду сактап келген, ынтымак гана бизди жок болуп кетүүдөн сактап келген. Президент өз сөзүндө кайсы киши болбосун, кайсы жаран болбосун убагында соттолуп кеттиби же арасында камактан чыгып, акталгандар барбы же акталбаса дагы артында соттолду деген наамы барбы, бирок 35 жылдын тарыхында бир кызматты ээлеп, болгондо да жөнөкөй кызматты эмес, ошол жерде өз салымын кошкон адам бардыр деп айтты. Бардыгыбыз кыргызстандыктар болгондуктан бардыгыбыз бирбиз аягы келип. Биздин башка мамлекетибиз жок, бир эле мамлекетибиз бар. Ошондуктан убагында камалып кеткен же кечээ эле каршы чыккан деп иш-чарага алар чакырылбай калса, имараттын атына жараша заты болбой калат эле. Ошол үчүн элибизде ырыс алды – ынтымак деп бекеринен айтылган эмес”, - деди Марлен Маматалиев.