Бишкектеги жол тыгыны. Депутат ЖОЖдорду Кантка көчүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Жүктөлүүдө... 12 Март 2025 15:45
WhatsApp Image 2025-01-30 at 08.44.56 (5).jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маметалиев жогорку окуу жайларды Кант шаарына көчүрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бүгүн Бишкектеги бала бакчалар, мектеп жана ЖОЖдор иштебей жаткандыктан Бишкектин жолдорунда унаа тыгындары жок. Депутат ЖОЖдорду Кант шаарына көчүрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

«Балким Кант шаарын студенттер шаарчасына айландырсак, борбордун жолдорун жеңилдетет», - деди Маматалиев.