Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун жолдогу кыймылына артыкчылык берүү каралууда. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкектин көчөлөрүндө 1500гө жакын коомдук транспорт каттайт. Мындан тышкары, 17-сентябрдан тартып кондиционер менен жабдылган 95 жаңы заманбап автобус каттамга чыгарылды.
“Негизги милдет — коомдук транспорттун жол тыгындарында токтоп калбашын камсыз кылуу. Бул үчүн атайын бөлүнгөн тилкелер керек. Автобустар өзүнчө тилке менен жүрө баштаганда, каттамдардын аралыгы кыскарат жана аялдамаларда транспорт жетишсиздиги көйгөйү өзүнөн-өзү чечилет. Шаарда автобустардын саны жетиштүү. Бирок унаа тыгыны күчөгөн учурда салонунда 50дөн 80ге чейин жүргүнчү болгон автобустар да жеке унаалар менен бирге тыгында туруп калууда”, — деди Рамиз Алиев.
Ал белгилегендей, мэрия шаар четиндеги жана алыскы аймактарды коомдук транспорт менен камсыздоого да көңүл бурууда. Калктуу конуштардагы көчөлөрдүн тардыгынан улам чоң автобустарды каттамга чыгарууда кыйынчылыктар жаралып жатат. Буга байланыштуу жыл аягына чейин муниципалитет 8 метрлик, бурулуштарга ыңгайлуу автобустарды сатып алып, аларды Бишкектин четиндеги аймактарга чыгарууну пландап жатат.
Мындан тышкары, орун басар айрым автобустарга заводдон кондиционер орнотулбаганын эске алып, учурда аларга кондиционер коюу боюнча эксперимент жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.