Бишкекте мектеп автобустарын киргизүүгө убакыт маселеси тоскоол болууда

Коом 18 сентябрь 2026 16:35
Бишкекте мектеп автобустарын киргизүүгө убакыт маселеси тоскоол болууда
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев борбор калаада жол тыгындарын азайтуу үчүн мектеп автобустарын ишке киргизүү планы тууралуу “Кабар” агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, муниципалитеттин бул багытта буга чейин тажрыйбасы бар. Келечекте долбоор Бишкектеги 30дан ашык мектепти камтышы мүмкүн.

“Мындай тажрыйба бизде бир нече жыл мурун болгон. Мектеп автобустарын ишке киргизүү жол тыгындарын азайтууга жардам берет. Жаңы мектептердин курулушу аяктагандан кийин бул практикага кайра кайтууну пландап жатабыз. Мэрия автобустарды ишке киргизүүгө даяр, бирок азыр уюштуруу жагынан олуттуу тоскоолдук бар”, — деди Рамиз Алиев.

Орун басардын айтымында, негизги көйгөй — балдарды үйлөрүнөн алып, мектепке жеткирүүгө кеткен убакыт.

“Автобус маршрут боюнча бардык балдарды кезеги менен алып кетиши үчүн жок дегенде 2 саат талап кылынат. Натыйжада автобуска биринчи болуп түшкөн бала сабак саат 09:00дө башталса да, таңкы саат 06:00дө үйдөн чыгууга даярданышы керек болуп калат. Ушундан улам ата-энелерден нааразычылыктар түшкөн. Биз транспорт менен камсыз кылууга даярбыз, бирок азырынча убакыт маселеси негизги көйгөй бойдон калууда”, — деп жыйынтыктады ал.