Бишкекте оңго бурулуучу тилкелер жыл аягына чейин көбөйөт

Коом 18 сентябрь 2026 16:38
Бишкекте оңго бурулуучу тилкелер жыл аягына чейин көбөйөт
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев борбор калаадагы кесилиштерде оңго бурулуучу өзүнчө тилкелер көбөйтүлө турганын “Кабар” агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, бул иштер шаардагы негизги жолдордогу унаа тыгындарын азайтуу боюнча бекитилген концепциянын алкагында жүргүзүлүүдө.

“Учурда шаардагы төрт кесилиште оңго бурулуучу тилкелер уюштурулуп, иштеп жатат. Жыл аягына чейин алардын санын 10го жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул тажрыйбаны бардык көчөлөргө киргизүүнү суранган шаар тургундары көп болууда. Бирок мында биздин техникалык жана жер жактан мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү”, — деп түшүндүрдү Рамиз Алиев.

Ал жолдорду кеңейтүүдө шаардагы айрым чектөөлөргө байланыштуу мисал келтирди.

“Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде түндүк жана чыгыш тараптан оңго бурулуучу тилкелерди уюштуруу ишин ийгиликтүү аяктадык. Ал эми батыш тараптан дагы ушундай тилке жасоого, тилекке каршы, мүмкүн эмес. Анткени ал жерде сейил бак жайгашкан жана жашыл аймакты бузууга болбойт”, — деп жыйынтыктады орун басар.