Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда балык өстүрүү, кайра иштетүү жана экспортко чыгарууга чейинки этаптарды камтыган заманбап балык кластерин түзүү боюнча ири инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Салих и Ко” ЖЧКсы долбоор үчүн “Айыл Банктан” 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алган. Долбоордун жалпы баасы 11 млн 826 миң АКШ долларын (1,03 млрд сомдон ашык) түзөт. Анын ичинен 6 млн 826 миң доллар (57,7%) ишкананын өз каражаты болуп саналат.
Долбоордун алкагында Курпсай суу сактагычындагы 23 гектар аянтка балык чарбасы курулууда. Бул жерде 2030-жылга чейин жылына 5 миң тоннага чейин форель өстүрүү пландалууда. Ал эми Сузак районунда 8 гектар аянтка осетр балык чарбасы түптөлөт. Анда жылына 270 тонна осетр өстүрүлүп, 1 тонна азыктык кара икра өндүрүлөт.
Балыкты кайра иштетүүчү заводдун жылдык өндүрүш кубаттуулугу 5 миң тоннага чейин болуп, анда өндүрүш жана шоктук тоңдуруу линиялары орнотулат. Долбоор ишке ашырылгандан кийин 40 жаңы жумуш орду түзүлүп, кийинки этаптарда кызматкерлердин саны дагы көбөйөт. Ошондой эле 5 жыл ичинде 1,35 млрд сомдон ашык салык түшөрү күтүлүүдө.
Быйыл апрель айында балык коё берүү пландалууда. Балыктар болжол менен бир жарым жыл ичинде 5-6 килограмм салмакка чейин өсүп жетилет.
Министр Эрлист Акунбеков ишкананын ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары менен таанышып, балык чарбасын өнүктүрүү боюнча фермерлерди окутуп-үйрөтүүчү атайын борбор түзүлгөндө, Балык чарба департаменти менен биргеликте семинар жана окуулар уюштурулуп турарын белгиледи.