Чүйдө “СалихАква” балык чарба комплекси ачылды

Экономика 22 Март 2025 16:58
c7925d85-6dc6-4cf8-9846-0b6e06653fa0.jpg
f074c629-62b9-4005-9db2-f82b51715c62.jpg
99dc15e5-abc7-4f6d-84de-c8a2ad9fba98.jpg
265e1ae3-3346-47e4-bffc-35dae5bbccde.jpg
137478ca-e8dc-4878-aa2a-a0d7b7eee8e0.jpg
b906c8be-68e1-438a-baed-498052011a43.jpg
f88ef1cb-4ee7-4660-a115-c178b7579b23.jpg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда заманбап технологиялар менен жабдылган “СалихАква” балык чарба комплексинин ачылыш аземи өттү.

Ага айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрөгасы Артем Новиков катышты.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрөгасы Артем Новиков айтымында, комплекс Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен курулуп, 1 млн доллар сарпталган.

“СалихАква — өлкөбүздө балык чарбасын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган долбоор. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен бул комплекс кыска убакытта курулуп бүтүп, бүгүнкү күндө толук кандуу ишке кирди. Жылына 3 миң 600 тоннадан ашуун балык өндүрүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле комплексте 30дан жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундар менен камсыз болот”,-деди ал.

Белгилей кетсек, комплекс аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган эң ири долбоор.

Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, балык уруктарын өстүрүү үчүн инкубациялык жайлар жана суу тазалоо системалары камсыздалган.