Өзгөндө балыктын жумурткаларын инкубациялоочу цехтин курулушу уланууда

Аймак Загрузка... 19 Март 2025 12:43
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы "Өзгөн балык чарбасынын" базасында карп балык түрлөрүнүн жумурткаларын инкубациялоочу заманбап цехтин курулушу уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ишкана, өлкөнүн түштүгүндөгү суу биологиялык ресурстарын көбөйтүүгө жана сактоого, коопсуздукту жана азык-түлүккө көз карандысыздыкты камсыз кылууга салым кошот. Ошону менен катар келечекте балык чабактарын өндүрүүнү көбөйтүү максатында курулган, бул балык өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Балык чабактары нинкубациялоонун заманбап технологиялары жогорку сапаттагы балык чабактарын өндүрүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул Кыргызстандын түштүгүндө гана эмес, башка аймактарында да балыкка болгон суроо-талапты канааттандыра ала турган туруктуу жана жогорку өндүрүмдүү балык чарбаларынтүзүүгө өбөлгө түзөт.