Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Өзгөндө суу кампасын эреже бузуу менен курган компанияга айып салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагына караштуу Семиз-Көл айылында жайгашкан суу кампа объектисинде курулуш ченемдеринин жана белгиленген талаптардын бузулушу аныкталды.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Жолдош-Курулуш” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча эскертүү берилди.