Жалал-Абадда 5 миң тонна кайра иштетилген балык продукциясын өндүргөн цех ишке кирет

Экономика Загрузка... 27 Май 2025 15:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында балыкты кайра иштетүү цехин ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине аталган цехти куруп жаткан “Аква Сервис” ЖЧКсынын башкы директору Вадим Досаев билдирди.

Анын айтымында, облустун Жээн-Кыштоо аймагында курулуп жаткан цех балык жана балык продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо менен алектенет.

“Балыкты кайра иштетүүчү бул цех жылына 5 миң тонна кайра иштетилген балык продукциясын өндүрүү кубаттуулугуна ээ. Өндүрүш ишке кирсе жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орду түзүлүп, 20 киши иш менен камсыздалат. Негизинен өндүрүлгөн продукция ички рынокко жана сыртка экспорттолмокчу.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан цехти курууга жер тилкесин сатып алууга, курулушка жана жабдууларга 27 млн сом суммасында насыя бөлүнгөн. Ал эми компания 23 млн сомго жакын каражат бөлүп, жалпы суммасы 50 млн сомго жакын каражат жумшалат”,- деди Досаев.

Маалымдалгандай, учурда балыкты кайра иштетүү цехинде төмөнкү иштер аткарылган:

- Балыкты кайра иштетүүчү цехке электр мамылары, трансформатор орнотулуп, электр энергиясы тартылды;

- Суу жана канализация орнотулган;

- Сэндвич панелдерден баштапкы иштетүү үчүн цех курулган;

- Имарат калыбына келтирилип, катуу тоңдуруу үчүн 40°С, муздатуу үчүн 20°С имараттын ичине сэндвич панелдер орнотулган;

- Азыкты баштапкы иштетүү жана тоңдуруу үчүн жабдуулар сатып алынды;

- Техникалык кызматкерлер жашай турган имарат калыбына келтирилди;

- Балыкты кайра иштетүүчү цехтин айланасында пландоо иштери жүргүзүлдү;

- Интернет тартылып, видео байкоо камералары орнотулган.

Ошондой эле Кара-Көл шаардык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан бул объектти пайдаланууга берүү үчүн даярдыктар көрүлүп жатканы кошумчаланды.

“Цехти ишке киргизүү ушул жылдын 31-августуна белгиленди. Бүгүнкү күндө муздаткыч камералар үчүн полду толтуруу менен байланышкан курулуш иштери, муздак бөлмөлөрдүн эшиктерин ошондой эле муздатуучу жабдууларды орнотуу иштери жүрүүдө. Цехтин ичинде электр монтаждоо жана сантехника иштери да аткарылууда. Кара - Көл шаардык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан бул объектти пайдаланууга берүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө”,- деди ал.

Мамлекет тарабынан балык чарбасын колдоо максатында министрлер кабинетинин тиешелүү токтому менен "КР суу коргоо зоналары жана суу объект тилкелери жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр киргизилип, ага байланыштуу балык өстүрүүчү шаймандарды жана жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башынан тарта Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын алдында “Балык чарба кластеринин комитети” иштеп жатат. Комитеттин негизги иши балык чарбасын өнүктүрүүгө шарттарды жакшыртуу жана мамлекеттик органдар менен тармак өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого багытталган.

Негизи эле балык чарбасын өнүктүрүү Айыл чарба министрлигинин приоритеттүү багыттарынын бири. Мында импортко болгон көз карандылыкты азайтуу, ички рынокту камсыздоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана адистерди балык өстүрүүнүн заманбап технологияларына үйрөтүү маселелери өзгөчө орунду ээлейт.

Белгилей кетсек, балык - дени сак жашоо үчүн адамдын организмине керектелүүчү маанилүү тамак-аш азыктарынын бири. Саламаттык сактоо министрлиги жылына минималдуу 9,1 кг керектөөнү сунуштайт. Учурда балыкты бир адамга керектөө жылына 2 килограммды гана түзөт. Ички рынок республикада өстүрүлгөн 20 миң тоннага жакын балыкты гана алат. План боюнча балык өндүрүүнү он эсеге көбөйтүү зарыл. Анткени, Кыргызстандын суу ресурстары экологиялык жактан таза балыктарды өстүрүүгө мүмкүндүк берет.