Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Күн мурун “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары үчүн этномаданий программа уюштурулду.
Меймандарды президент Садыр Жапаров өзү тосуп алып, алар жагымдуу маанайда баарлашты.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров аба ырайы тууралуу сүйлөшүп, ал-жай сурашкан.
Садыр Жапаров бул учурда адатта Бишкекке кар түшүп каларын, быйылкы күз жылуу болуп жатканын айткан.
Өз кезегинде тажик президенти Рахмондун “силерде тоодо кар бекен, бизде тоолордо да кар жок" дегенин угууга болот.
Жогорку даражалуу коноктор “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен таанышты. Иш-чаранын алкагында боз үйлөр, улуттук тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгү жана мүчө-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин меймандостугунун символу катары улуттук музыкалык аспаптар жана колго жасалган паннолорду белекке тартуу кылды.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго улуттук керней белекке берилди.