Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Бишкекте Улуттук тарых музейинде кытай сүрөт өнөрүнө арналган “Жылкынын эркин учушу —туш менен кытай живописинин духу” аттуу көргөзмө ачылды. Иш-чара Бишкектеги Кытай маданий борбору, Кытайдын чет өлкөлөр менен маданий жана туристтик алмашуу борбору жана Кытайдын бир катар маданий уюмдары менен биргеликте уюштурулду.
Ачылыш аземге маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, маданий мекемелердин өкүлдөрү, сүрөтчүлөр жана музейдин коноктору катышты.
Алар бул көргөзмө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя экенин белгилешти. Айрыкча ат символикасына көңүл бурулд. Анткени эки элде тең ал өзгөчө мааниге ээ, күч, эркиндик, асылдык жана алдыга умтулууну билдирет. Ошондой эле тарыхта дал ушул ат Улуу Жибек жолу аркылуу элдердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногону белгиленди.
Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөнүн чыгыш календары боюнча Жылкы жылында өткөрүлүп жатканы иш-чарага өзгөчө символдук маани берип, эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык жана маданий байланыштарды бекемдөөгө болгон умтулуусун чагылдырат.
Көргөзмөдө кытай сүрөтчүлөрүнүн салттуу тушь техникасында тартылган 50гө жакын эмгеги коюлган. Иштер реалисттик стилден тартып экспрессивдүү ыкмага чейин ар түрдүү стилде тартылып, чыгыш көркөм салтынын философиялык тереңдигин көрсөтүп турат.
Көргөзмө 24-мартка чейин келген коноктор үчүн ачык болот.