Быйыл кыргыз профессионал театр искусствосунун түптөлгөнүнө 100 жыл толду. Бир кылым аралыгында кыргыз сахнасы улуттук маданияттын маанилүү бөлүгүнө айланып, элдин тарыхын, турмушун, кубанычын жана кайгысын чагылдырып келген. Алгачкы спектаклдерден тартып бүгүнкү заманбап сахналык эксперименттерге чейин театр кыргыз элинин руханий дүйнөсүн байытып, бир нече муундун эсинде калган залкар актёрлорду жана көрүнүктүү чыгармаларды жаратты.
Улуттук сахнанын жаралышы
Кыргыз театрынын башаты элдик оозеки чыгармачылыкка, дастандарга, уламыштарга жана салттуу оюн-зоокторго барып такалат. Бирок профессионалдык театр искусствосунун калыптанышы 1920-жылдарга туура келет.

1926-жылы Фрунзе шаарында музыкалуу-драмалык студия уюштурулуп, кыргыз профессионал театрынын пайдубалы түптөлгөн. Студияны уюштурууга россиялык режиссёр Николай Еленин катышып, таланттуу жаштарды чогулткан. Ошол эле жылы Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” чыгармасы сахналаштырылып, кыргыз театр өнөрүнүн өнүгүшүнө жол ачкан.
1930-жылдары театрдын ишмердүүлүгү кеңейип, улуттук драматургия жана актёрдук чеберчилик өнүгө баштаган. “Алтын кыз”, “Ажал ордуна” сыяктуу чыгармалар сахнага чыгып, кийин “Айчүрөк” операсы кыргыз музыкалык театрынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген.
Кийинки жылдары опера жана балет, орус драма, жаш көрүүчүлөр жана куурчак театрлары сыяктуу түрдүү багыттар өнүгүп, театр искусствосу өлкөнүн маданий турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланды.
Кыргыз сахнасынын залкарлары
Кыргыз театрынын тарыхын анын сахнасында эмгектенген залкарларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Капар Медетбеков, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева жана башка өнөр ээлери өздөрүнүн кайталангыс таланты менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алышкан.

Алар сахнада ар кандай каармандардын образын жаратуу менен бирге, кыргыз актёрдук мектебинин калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Алардын чыгармачылыгы аркылуу көрүүчүлөр адамдык асыл сапаттар, сүйүү, мекенчилдик, адилеттик жана коомдук жоопкерчилик тууралуу ой жүгүртүшкөн.
Кыргыз театрларынын сап башында - Кыргыз драма театры
Кыргыз драма театры улуттук сахна өнөрүнүн өнүгүшүндө өзгөчө орунду ээлеп, сап башында турат. Кийин драматург Токтоболот Абдумомуновдун ысымы берилген театр 1970-жылы академиялык макамга ээ болгон. 2000-жылы ага улуттук статус ыйгарылган.
Совет мезгилинде кыргыз театры профессионалдык деңгээлге көтөрүлүп, драматургия, режиссура жана актёрдук өнөр системалуу түрдө өнүккөн. Эгемендүүлүк жылдарында болсо театрлар жаңы шарттарга ыңгайлашып, улуттук тарыхты, маданий мурастарды жана заманбап коомдун көйгөйлөрүн кеңири чагылдыра баштады.
Бүгүнкү театр: жаңы мүмкүнчүлүктөр жана изденүүлөр
Бүгүн Кыргызстанда 22ге жакын профессионал театр иштейт. Алардын репертуарында классикалык чыгармалар менен катар заманбап драматургиянын үлгүлөрү да бар. Театрлар өлкө ичинде гана эмес, эл аралык фестивалдарда да кыргыз искусствосун таанытып келишет.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, акыркы беш жылда маданият тармагына бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү театрлардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, имараттарын оңдоп-түзөөгө жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга шарт түзгөн.
“Акыркы беш жылда маданият тармагында чоң өзгөрүүлөр болду. Биринчиден, бөлүнгөн каражат көбөйдү. Анын натыйжасында театрларда өнүгүү башталды. Анткени ар бир спектаклди коюу каржылоого байланыштуу. Театрлар бир жыл мурда керектөөлөрү боюнча өтүнмөлөрүн берип, министрлик ошол маселелерди чечүүгө жардам берип жатат”, — деди ал.
Анын айтымында, Жаштар театры, “Учур” театры, Кыргыз драма театры, Ош жана Бабур атындагы театрлар сыяктуу бир катар маданий мекемелерде оңдоп-түзөө жана жабдуу иштерине көңүл бурулууда.

Ошол эле учурда театр тармагында кадр маселеси да маанилүү бойдон калууда. Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, Россиянын Театралдык искусство институтун бүтүргөн 22 адис Ош театрында эмгектенүүдө. Жаш адистерди жумуш менен камсыз кылуу жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу театрлардын келечеги үчүн маанилүү.
Театрлардын өз кирешеси өсүүдө
Акыркы жылдары театрлардын билеттерди сатуудан жана имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн кирешеси да көбөйгөн.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы театр-оюн-зоок мекемелеринин бул багыттагы кирешеси 7,7 миллион сомду түзсө, 2025-жылы 107 миллион сомдон ашкан. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 60 миллион сомго жакындаган.
Бул сандар театрларга болгон кызыгуу жана алардын киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүк берет. Ошол эле учурда театрдын башкы баалуулугу каржылык көрсөткүчтөр менен гана өлчөнбөйт. Анын коомдогу орду көрүүчүгө тийгизген таасири, көтөргөн маселелери жана адамды ойго салган чыгармалары менен аныкталат.

Театр таануучу жана сынчы Жаныш Кулманбетовдун айтымында, кыргыз профессионал театрынын түптөлүшү Совет бийлигинин орношу жана анын идеологиясы менен тыгыз байланышта болгон. Совет мезгилинде ал коммунисттик идеологияны жайылтууга кызмат кылса, эгемендүүлүк жылдарында анын чыгармачылык багыты өзгөргөн.
“Эгемендүүлүккө жеткенден кийинки мезгил — таптакыр башка доор. Бүгүнкү күндө кыргыз театры жалпы адамзаттык баалуулуктарга таянып, гуманисттик миссиясын аткарууга киришти деп айтсак болот”, — деди ал.

Ал эми М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актёру, Эмгек сиңирген артист Кенжегул Мендебаиров кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси чыгармачыл чөйрө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Анын айтымында, 2027-жылы Нарын театрынын түзүлгөнүнө да 90 жыл толот. Өмүрүнүн көп бөлүгүн сахнага арнаган актёр кыргыз театрынын кылымдык тарыхын өзүнүн чыгармачылык жолу менен да байланыштырат. Быйыл 80 жашка толуп жаткан өнөрпоз театрдын 100 жылдыгы менен куттуктап, мындай мааракелер чыгармачыл адамдардын башын бириктирип, өз ара ынтымакты бекемдей турганын айтты.
Кенжегул Мендебаиров театрдагы эмгек жолун 1970-жылы Жумгалдагы элдик театрдан баштаган. Ал жерде беш жылдай иштегенден кийин Нарын театрына чакырылып, сахнадагы чыгармачылык жолун уланткан.
“Жалпы кыргыз элине айтарым — театрды сүйгүлө, театрга баргыла. Театр — элдин руханий маданияты, адамдын ички дүйнөсүн козгоп, алдыга умтулткан искусство. Ал ыйлатат, күлдүрөт, ойго салат. Кыргыз театрыбыз алга өнүгө берсин”, — дейт ал.

Эмгек сиңирген артист, белгилүү актёр Шаршен Шейшеновдун айтымында, кыргыз театры бир кылымдан бери элге руханий азык тартуулап, улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп келет.
“Бул — өтө чоң майрам. Кыргыз театрынын түзүлгөнүнө бир кылым толду. Ушул жүз жыл ичинде канчалаган залкар чыгармачыл инсандар өсүп чыкты. Алардын катарында Даркүл Күйүкова, Абдыкерим Дыйканбаев, Советбек Жумадылов, Муратбек Рыскулов, Арсен Өмүралиев сыяктуу сахна чеберлери бар. Алардын өнөрү кыргыз театрынын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт”, — деди актёр.
Шаршен Шейшенов өзү да өмүрүн театр өнөрүнө арнап, Москвадагы ГИТИСти аяктагандан кийин Жантөшев атындагы театрда эмгектенген. Кийин “Учур” мамлекеттик жаштар театрын түзүүгө катышып, ал жерде 25 жыл иштеген. Учурда Чүй облустук драма театрында чыгармачылык ишин улантууда.
Актёрдун белгилешинче, театрдын өзгөчөлүгү — көрүүчү менен сахнадагы өнөрпоздун түз байланышы. Спектакль учурунда жаралган сезимдер жана жандуу энергия алмашуу театрды башка искусство түрлөрүнөн айырмалап турат.
“Биздин негизги милдетибиз — элибизге руханий азык тартуулоо. Театр адамдын ички дүйнөсүнө таасир этип, аны ойго салат. Кыргыз театры өсүп-өнүгүп, элибизге руханий азык тартуулай берсин. Театрыбыз миң жыл жашасын”, — деп билдирди Шаршен Шейшенов.
Бир кылымдык маараке: тарыхка таазим, келечекке кадам
Кыргыз профессионал театр искусствосунун 100 жылдыгына карата республикалык деңгээлде бир катар маданий иш-чаралар уюштурулууда. Алардын катарында бүгүн Кыргыз эл баатыры, легендарлуу маданият ишмери Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалы ачылды.
Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, ар бири бирден спектакль тартуулайт.
Мааракенин алкагында Бишкектеги сейил бактарда театралдык көрсөтүүлөр жана концерттик программалар уюштурулуп, куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин балдарына жомок-спектаклдерин тартуулашат. Ошондой эле тажрыйбалуу режиссёрлордун катышуусунда актёрлор үчүн мастер-класстар өткөрүлөт.
2-ноябрда кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган илимий конференция жана Турдакун Усубалиев атындагы аянтта салтанаттуу иш-чара өтөт.
Бир кылымдык тарых — бул сахнада жаралган жүздөгөн образдар, көрүүчүлөрдүн эсинде калган спектаклдер жана улуттук маданиятка өмүрүн арнаган чыгармачыл инсандардын эмгеги. Убакыт өзгөрүп, көрүүчүлөрдүн талабы жаңыланганы менен театрдын негизги милдети өзгөрбөйт: адамды ойлонтуу, коомдогу көйгөйлөрдү көрсөтүү жана руханий баалуулуктарды муундан муунга жеткирүү.