Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгы чыгармачыл чөйрө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актёру, КР эмгек сиңирген артисти Кенжегул Мендебаиров Бишкек шаарында өтүп жаткан XIV республикалык театр фестивалынын ачылышында “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 2027-жылы Нарын театрынын түзүлгөнүнө 90 жыл толот. Быйыл 80 жашка чыгып жаткан актёр өмүрүнүн көп бөлүгүн сахнага арнап, кыргыз театрынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Ал кылымдык маараке чыгармачыл адамдардын башын бириктирип, ынтымакты бекемдей турганын белгиледи.
Кенжегул Мендебаиров театрдагы эмгек жолун 1970-жылы Жумгалдагы элдик театрдан баштаган. Ал жерде беш жылдай иштегенден кийин Нарын театрына чакырылып, чыгармачылык жолун уланткан.
“Жалпы кыргыз элине айтарым — театрды сүйгүлө, театрга баргыла. Театр — элдин руханий маданияты, адамдын ички дүйнөсүн козгоп, алдыга умтулткан искусство. Ал ыйлатат, күлдүрөт, ойго салат. Кыргыз театрыбыз алга өнүгө берсин”, — деди ал.