Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Агартуу министрлигинен билдиришти.
Борбордон үйлүү болуп, үй-бүлөсү менен кубанып турган Элзат Асанованын беш баласы бар. Ал улуу кызы азыр 9-класста окуй турганын айтып, келечекте балдары окууга келгенде бул үй алардын туруктуу очогу болорун билдирди.
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Ал “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын райондук жана облустук этаптарынан ийгиликтүү өтүп, республикалык турда баш байгени утуп алган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 4-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырган.
Аталган конкурс министрлер кабинетинин токтомуна ылайык уюштурулуп, облустук жана шаардык этаптарда мыкты деп табылган 111 мугалим республикалык турга жолдомо алган.