Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы эки айында өнөр жай тармагында олуттуу өсүш байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир катар тармактарда өндүрүш көлөмү бир нече эсеге чейин жогорулаган.
Атап айтканда:
- химиялык продукциялар 3,1 эсеге өскөн;
- фармацевтика 1,7 эсеге жогорулаган;
- пайдалуу кендерди казуу 47,2 пайызга көбөйдү;
- транспорт тармагындагы өсүшү 42,4 пайызды түздү;
- мунай продукцияларын өндүрүү 18,2 пайызга жогорулады.
Мындан тышкары резина, желим, курулуш материалдары жана полиграфия тармактарында өндүрүш 1,6 эсеге өскөнү катталды. Тамак-аш жана тамеки продукцияларынын өндүрүшү 16,8 пайызга, ал эми негизги металлдарды иштетүү 11,1 пайызга жогорулады.
Адистердин айтымында, химиялык жана фармацевтикалык продукциялардын мынчалык тездик менен өсүшү ички өндүрүштүн потенциалы жогорулаганын көрсөтөт.