Бишкек, 22.10.25./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада жыл соңуна чейин канча көчө оңдолуп, канчасы келерки жылы бүткөрүлөрүн айтып берди.
Маалыматка караганда, 2025-жылга жалпы узундугу 43 чакырымды түзгөн 19 көчөнү куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштери пландалган.
“19 көчөнүн 14ү быйыл пайдаланууга берилсе, 5 көчө кийинки жылы бүткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Төмөнкү көчөлөр оңдолду:
- Медеров көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
- Жибек жолу проспектиси Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Жаш Гвардия бульвары Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин;
- Шабдан баатыр көчөсү Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
- Москва көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин;
- Токтоналиев көчөсү Масалиев көчөсүнөн Дүйшеев көчөсүнө чейин (реконструкция иштери );
- Кара-Дарыя көчөсү Горький көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин (реконструкция иштери);
- Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин;
- Курманжан датка көчөсү Чүй проспектисинен Жибек жолу көчөсүнө чейин;
- Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейин;
- Лев Толстой көчөсү Матыев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин;
- Калинин көчөсү Салиев көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин;
- Дэн Сяопин көчөсү Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
- Абдумомунов көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейин.

Төмөнкү көчөлөрдө иш жүрүп жатат:
- Фучик көчөсү Москва көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейин (Учурда Профсоюзный көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки тилкеде иштер жүрүп жатат);
- Ауэзов көчөсүнө көпүрө куруу;
- Шүкүров көчөсүнө көпүрө куруу;
- Жибек жолу көчөсүнө көпүрө куруу;
- Бакаев көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин.

2026-жылы бүткөрүлө турган көчөлөр:
- Ауэзов көчөсү Салиев көчөсүнөн Жибек жолу көчөсүнө чейин;
- Кара-Дарыя көчөсү Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин (дарыянын чыгыш тарабы);
- Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Сухэ-Батор көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Ауэзов көчөсү Анкара көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин;
- Дэн Сяопин көчөсү Костанай көчөсүнөн Итергельпо көчөсүнө чейин ( түштүк тарабы);
- Лев Толстой көчөсү Термечиков көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
- Абдумомунов көчөсү Үмөталиев көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейин;