Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын I кварталында жаңы 36 айыл чарба кооперативи түзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Баткен облусунда — 2 (2 га);
- Нарын облусунда — 1 (10 га);
- Чүй облусунда — 6 (165 га);
- Ысык-Көл облусунда — 6 (73 га);
- Ош облусунда — 9 (32 га);
- Жалал-Абад облусунда — 2 (4 га);
- Талас облусунда — 10 (105 га).
Жаңы түзүлгөн кооперативдер 391 га жер аянтын ээлейт.
"Кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында региондордогу майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу максатында иштер уланууда", — деп айтылат маалыматта.